• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

26 Чын куран 201918:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-апрелде саат 16.00дөн баштап «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык концерт бүткөнгө чейин, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат.

Шаар тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугун сактоо үчүн борбордук аянттын 8 жерине өткөрүү пунктулары коюлат. Коомдук тартипти 1000ден ашуун милиция көзөмөлдөйт.

Количество просмотров: 20