• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек шаарынын күнүнө карата веложарыш өтөт

25 Чын куран 202417:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын күнүнө карата веложарыш өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта айтылгандай, 28-апрелде борбор калаада велосезондун ачылышы болот.

«Бишкек шаарынын күнүнө арналган веложарыш саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан  Достук паркында башталат. Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болот. Катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт. Мындан тышкары иш-чара концерттик программа менен коштолот»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.

Количество просмотров: 137