• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкек шаарынын мэри дээрлик бардык орун басарларын иштен алды

25 Бирдин айы 201918:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.02.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дээрлик бардык вице-мэрлерди кызматтан алганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Татьяна Кузнецова дайындалды. Ал буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болчу. Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Асел Куламбаева иштен кеткенден бери орду бош турган.

Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Ситниковдун ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген Азизбек Алымкулов келди.

Шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрликке Уланбек Азыгалиев дайындалды. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген.

Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Количество просмотров: 13