Бишкек. 20.02.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев кызматынан алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакыт Дүйшөмбиев «Бишкекводоканал» мамлекеттик ишканансынын башчысы болуп дайындалды.
Ал Бишкек шаарынын вице-мэри болуп 2010 жылдан бери иштеп келген.
«Бишкекводоканал» Ишкананын мурунку жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Дүйшөмбиевдин милдетин убактылуу турак жай жана коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөөчү вице-мэр Рыспек Сарпашов аткарат.