Бишкек шаарынын жашоочулары президенке жарнак аркылуу кайрылуу жасашты
Бишкек шаарынын жашоочулары президенке жарнак аркылуу кайрылуу жасашты
15 Тогуздун айы 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
7-кичи районунун жашоочулары президентке жарнак аркылуу кайрылуу жасашты. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун токтотууну суранышты. Алар жазуу жазылган баннерлерди № 26 үйгө асып коюшкан.
«Биздин үйдүн бурчуна 12 кабаттуу үй курганы жатышат. Бул биринчи жолу гана болуп жаткан жок. Буга чейин мэрия үй курууну каалаган. Бирок, курулушту токтотконго аракет кылганбыз, азыр соттук териштирүүлөр болуп жатат. Эми жеке компания үй курууну пландап жатыптыр. Алардын баардык документтери, кызыл китеби бар экен, бирок эмнеге жашоочулардын кызыкчылыгы эске алынбайт?», — дейт жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова.