Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен кызматтык унаалардын коштоосунда өзгөчө куттукташты.
Анда унаалар эски аянтка тизилип, жарыктары музыканын коштоосунда күйүп, балатыны жана 2021-жыл деген жазууларды чагылдырганын көрүүгө болот.
«Биз оор күндөрү дайыма жаныңарда болобуз, анткени баарыбызда үмүт жана ишеним бар. Бишкек милициясы оор жылда муктаж болгондорго жардам берип, кыйынчылык күндөрдө бири-бирине канчалык биримдиктүү жана кайрымдуу болуш керек экендигин көрсөткөн жарандарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Жаңы жылдын урматына милиция кызматкерлери бардык жарандарга жаңы жылдык сюрприз жасап, бул майрамдык видеону баарына тартуулайбыз», -деп жазылат куттуктоодо.