• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкек соту ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандарды камакта калтырды

29 Чын куран 201914:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык соту Бишкектеги ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча коррупция үчүн айыптануучуларды камакта калтырууну чечти.

Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Адвокаттар эми Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда

Количество просмотров: 13