• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек ТЭЦинде дагы авария болдубу?

29 Жалган куран 2018 10:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.03. 2018. Govori.TV
“Жылытуу мезгили аяктады, бирок, ысык суу боюнча маселе жаралып жатат. Бул маселе ТЭЦке тиешелүүбү же жылуулук түйүндөрүнө таандыкпы?” Бул суроону ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев көтөрдү.
Ал бул маселе боюнча эч ким маалымат бербей жатканын, шаар тургундары ысык сууга муктаж болуп,нааразы болуп жатканын билдирип, Бишкек ТЭЦинде дагы авария болгонбу деп шектенип жатканын билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин, “Бишкек жылуулук түйүндөрү” ишканасы жайкы режимге өтүүдө ысык суу боюнча маселе жаралышы мүмкүн дегендей алдын-ала сактануусун билдирген. Бирок, жарандар муну ТЭЦтен көрүшүүдө.

Количество просмотров: 33