• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 345 автобус жол кырсыгына кабылган

11 Тогуздун айы 202417:53 Бишкек Govori.TV

Муниципалдык автобустардын катышуусунда 345 жол кырсыгы катталганын «Бишкекгортранс» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров билдирди.
Жол кырсыгы 40% автобус айдоочусунун, 60% башка жол кыймылынын катышуучуларынын күнөөсү экенин белгиледи.

Капаровдун айтымында, учурда каттамга 1376 автобус чыгууда. Жаңы автобустардын ичинен жарактан чыккан автобус жок.

“Биздин өзүбүздүн сырдоочуларыбыз, кузовчуларыбыз бар, автобус чоң кырсыкка учураса, 15-20 күн туруп калат. Мындай бузулса, 2-3 күндүн ичинде кайра ишке кирет», — дейт ишкана жетекчиси.

Количество просмотров: 723