• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта үч машина кагышып, үч адам каза болду

23 Тогуздун айы 202412:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн эртең менен Таласта чоң жол кырсыгы болду. Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо боюнча Талас облустук башкармалыгы жергиликтүү сайтка билдирди.

Жеңил машина жолдун каршы тилкесине чыгып, алдынан эки машина менен кагышкан. Катуу кагылышуудан машина жолдон чыгып, жөө адамдар басуучу жолдогу үч адамды коюп кеткен. Натыйжада үчөө тең каза болушкан.

Айдоочулар жеңил жаракат алышкан. Ал жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, жеңил машинанын айдоочусу адегенде эки баласы менен кетип бара жаткан аялды коюп кетип, андан кийин каршы тилкедеги жолго чыгып кетип, алдынан чыккан эки машина менен кагышкан.

Количество просмотров: 474