• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду 

19 Чын куран 2024 13:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугар унаа жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Белгилер аталган унаа жолдун 137-чакырымынан 154-чакырымына чейинки тилкелеринде орнотулган.

Жол көзөмөлдөө бөлүмү унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы унаа жолдорунда аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү кызматтарга сунуш-кайрылууларын жөнөтүп келет.

Количество просмотров: 74