• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек -Торугарт унаа жолундагы кырсыкта бир адам көз жумду

6 Теке 202016:08 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда «Жигули» жеңил автоунаасы менен «Мерседес-Бенц Спиринтер» кичи автобусу сүзүшүп, натыйжада жигулинин айдоочусу көз жумган. Бул тууралуу Жол коопсуздук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык саат 6:00дө Бишкек — Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында катталган.

Кичи автобустун айдоочусу жана үч жүргүнчүсү ар кандай жаракаттардан улам аймактык ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктын себеби жана айдоочулардын өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 213