• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек—Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

20 Үчтүн айы 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек—Торугарт (айланма жол) унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматына караганда, 19-январда саат 21:30 чамасында айланма жолдун 50-чакырымында, тактап айтканда Кең-Булуң айылында «Фольксваген Венто» каршы тилкеге чыгып, «Тойота Авенсис» менен кагышкан.

«Фольксваген Вентонун» 26 жаштагы айдоочусу жана 51 жаштагы жүргүнчүсү (аял киши) каза болду, дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары «Тойотанын» айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилди. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 289