• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкек – Ысык-Көл унаа жолуна кошумча посттор коюлат

4 Баш оона 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Дем алыш күндөрү Бишкек — Ысык-Көл багыты боюнча унаа жолуна кошумча посттор коюлат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, демалышта Бишкек — Чолпон-Ата багыты боюнча авто унаалардын агымы көп болгондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башкармалыктын борбордук аппаратынан тартып, Ысык-Көл жана Чүй облусунун кызматкерлери күчөтүлөн тартипте кызмат өтөшөт.

«Ысык-көлгө жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук жана жеке унаалар текшерилип, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна, ылдамдыкты ашырып айдоосуна жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелеринин бузууларына жол бербөө максатында кошумча посттор коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Кечкисин Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына кайтып келе жаткан унаалардын жол тыгындарына кабылып калбашы үчүн, кызматкерлер көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салышат.

Количество просмотров: 93