• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ысык-Көлдөн эртерээк чыккыла! ЖКККББ айдоочуларга эскертти

21 Теке 2023 14:44 Бишкек Govori.TV

Жарандар дем алыш күндөрү жол тыгындарын жаратпоо максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке карай эртерээк жолго чыгышы керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайрылуу жасады.

Алар өткөн аптадагыдай болбошу үчүн алдын ала чараларды көрүп жатканын айтышты.

«ЖКККББнын кызматкерлери дем алыш күндөрү айрыкча Бишкек — Ысык-Көл жолдоруна күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышат. Катуу ылдамдыкта, мас болуп каршы тилкеге чыгып айдагандарга катаал чаралар көрүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Милиция жол тыгындарын талдап чыгып, төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштаган:

  • Эс алуучулардын автоунааларынын шаарды көздөй агымы абдан көп болгондуктан, кечкиге калбастан, эртерээк жолго чыгыңыз. Болбосо жол тыгынына туруп калышыңыз мүмкүн;
  • Чырпыкты жана Балыкчы жолдорун оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жана ал жолдор бир багыттуу, тар экендигин, Ысык-Көлгө баруучу трасса бирөө эле экендигин эске алыңыздар. Ылдамдыкты ашырбаңыз, каршы тилкеге чыкпаңыз, башкалардын да жолдо жүрүшүнө тоскоолдук жаратпаңыз;
  • Балыкчы шаарына кире бериштеги айланма жолдо башаламан соода-сатык жүргөн жерге соода кылуу максатында автоунааңызды токтотуп, башкаларга тоскоолдук жаратып. жол тыгындарына себепкер болбоңуз.
Количество просмотров: 487