Ысык-Көл облусунда эл ташыган микроавтобус үйүр жылкыдан буйтап өтөм деп кырсыктады. Окуянын видеосу Telegram каналындагы «Короче» тайпасына жарыяланды.
Облустук ЖКККБнын маалыматына ылайык, кырсык 17-февраль күнү саат 16.45те Семёновка менен Ананьево айылдарынын ортосунда орун алган. Анда 66 жаштагы айдоочу үйүр жылкыдан буйтап өтөм деп бакты сүзүп, оодарылып калган.
«Катталган жол кырсыгында айдоочу жана үч жүргүнчү жабыркап, Ананеьво айылдык ооруканасына жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.