• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек — Жалал-Абад каттамы күн сайын уча баштайт

23 Бугу 202211:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарына күн сайын учак каттай баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык TezJet компаниясынын учагы 1-июлдан тартып күн сайын Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек каттамын аткарууну пландаштырууда.

«Учурда Жалал-Абадга борбордон жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби) учак каттайт»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында бардык аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин билдирген.

Количество просмотров: 121