Кыргыз гидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп жазылат билдирүүдө.