Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.
Алсак, ушул мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: