• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы жумушка чакырат

16 Теке 20259:14 Бишкек Govori.TV

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы кызматкерлерди туруктуу жана сезондук жумуштарга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкана ошондой эле бир катар багыттар боюнча кадрдык резервди түзүүдө.

Бош орундар:

  • көрктөндүрүү кызматкерлери — 241 адам;
  • айдоочулар — 34 адам;
  • бригадир — 1 адам.

Кадрлардын резервине төмөнкү кызматтарга кабыл алуу жүргүзүлөт:

  • жашылдандыруучулар;
  • парктын жетекчилери.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • медициналык маалымкат (форма 086);
  • айдоочуларга — 0,83 формасындагы медициналык маалымкат;
  • эмгек китепчеси;
  • аскердик билет (эгерде бар болсо);
  • өздүк эсепке алуу баракчасы;
  • 1 сүрөт (3х4 форматында).

Толук маалымат алуу үчүн Бишкек ш., Ташкент көчөсү, 17., же 37-53-32 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Иш убактысы 08:00дөн 16:00гө чейин.

Теги:
Количество просмотров: 110