• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жумушка чакырат

28 Теке 202517:26 Бишкек Govori.TV

 “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы бош орундарга жумушчуларды кабыл алууну жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жумушчуларды кабыл алуу кадрлар резервин толуктоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Ачык вакансиялар:
• IT бөлүмүнө адис – 1 орун
• Атайын техника айдоочусу (категориялар: D, E, C) – 4 орун
• Күзөтчүлөр – 8 орун
• Оңдоочулар (ремонтчулар) – 10 орун
• Короо тазалоочу – 1 орун
• Автобус айдоочулары – 500 орун

Эгерде сиз ушул тармакта иштөөгө кызыкдар болсоңуз же кеңири маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү номерге байланышыңыз: 0770 25 93 39

Ишкананын дареги: Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү, 4/1Б.

Количество просмотров: 156