• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекете маршрутка элдерди жык жүктөдү (видео)

2 Кулжа 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда №243 маршруттун айдоочусу элдерди жык жүктөп жаткан видео тарады. Бул тууралуу күбөлөр тартып алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мындай көрүнүш Бишкек шаарында катталган. Өлкөдө коронавирус күчөп жаткан мезгилде айдоочу жүргүнчүлөрдү эрежесиз жүктөп, ал эми жүргүнчүлөр коопсуздукту сактабай коомдук транспортко түшүп жатканын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/elnura.kulueva/videos/1921792317952013/

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкканын кабарлаган. Анда автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип турушу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек. Ал эми жүргүнчүлөр коомдук транспортко беткапсыз түшкөнүнө жол берилбейт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү. Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.

Количество просмотров: 3142