• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекке 12 метрлик автобустар келди

26 Үчтүн айы 202517:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекке 12 метрлик, газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 бирдик жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы алынып келинди.

Мэриядан билдиришкендей, үч эшиктүү 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Автобуста ден соолугунан мүкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай) менен жабдылган.

Белгилей кетсек, ушундай автобустардын дагы 25 бирдиги жакынкы күндөрү келүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 269