• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекке 120 жаңы электробус алып келүү пландалууда

23 Бугу 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекке күзүндө 120 жаңы электробус алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында борбор калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, учурда электробустарды алуу үчүн тендер жарыяланды. Автобустар 350 миңден 420 миң еврого чейин бааланууда.

“Мындан сырткары, эки муниципалдык унаа токтотуучу жайда оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Андан кийин ал жерлерде 35 электр кубаттагычтар орнотулат”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте 120 электробус сатып алууга 56 млн 550 миң доллар өлчөмүндөгү гранттык жана кредиттик келишимге кол койгон. Алсак, 56 млн 550 миң доллардын 25 миллиону кредиттик келишим боюнча, 25 миллион 550 миңи гранттык негизде берилген.

Республикалык бюджеттен да 8,9 млн сом каралган.

Количество просмотров: 195