• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекке 15 млн сомго тез жардам унааларын сатып алуу пландалууда

24 Кулжа 202013:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” мекемеси “А” классындагы тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, шаарга 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда. Ал үчүн 14 млн 739 миң 996 сом каралган.

Сынактык билдирүүлөрдү калтыруунун акыркы мөөнөтү – 15-июль.

Количество просмотров: 183