• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекке Баткенден 30 дарыгер кайтып келди

21 Аяк оона 202215:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткенде медициналык жардам көрсөткөн 30 дарыгер Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, 21-сентябрь саат 11:00гө карата куралдуу кагылышуу учурунда жабыркагандардын жалпы саны 198ди түзөт. Алардын 61и амбулатордук, 137си стационардык дарыланууда.

“Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Араван, Өзгөн, Ноокат шаар, райондон Баткенге келген дарыгерлер үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. Бишкекке 30 дарыгер кетти”, — дейт ал.

Бөрүбеков кошумчалагандай, Лейлек жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда жети, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында эки бригада иштеп жатат.

“Дагы 21 дарыгер даярдыкта турушат. Облуска келген 22 психолог жер-жерлерде, төртөө кризисттик борбордо иш алып барууда”, — деди ал.

Количество просмотров: 145