• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекке дагы 624 автобус алынып келинет

9 Аяк оона 2023 11:41 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 624 автобус алынып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 500 автобус республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, 124ү Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алынып келинет.

Кыргызстанга автобустардын биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Азыркы учурда 300гө жакын автобус алынып келинди.

Количество просмотров: 180