• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекке Хюрремдин ролун ойногон Мерьем Узерли келет

24 Баш оона 2021 15:11 Бишкек Govori.TV

Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланыштуу жаӊы эл аралык долбоорду (Стамбул ш., Түркия) презентациялоо үчүн «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкекке келет. Бул тууралуу кинфестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган маалымат жыйын болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи.

«Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Джордж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурда Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анджелесте негизделген. Кинофестивалга ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери төрагалык кылып келет.

Количество просмотров: 342