Бишкекке Кореядан 49 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
«Биздин жарандар бүгүн, 25-июлда «T-way» авиакомпаниясынын «Сеул-Бишкек-Сеул» багыты боюнча Кыргызстандан Кореянын, Кореядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти», — деп айтылат маалыматта.
ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштер улантылат.