Бишкек шаарына Кытайда чыгарылган 120 автобустун биринчи партиясы, 20 автобус алып келинди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Holding Co., Ltd. компаниясынан сатып алган. TX автобустары 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен жүрөт жана кондиционери бар. Автобустун сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, анын 26сы отургучтар.
Мэрия мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында 120 электробус сатып алат.