• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекке Кытайдан Кыргызстандын жарандары келди

22 Баш оона 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

«Zhejiang Loongair Airlines» авиакомпаниясынын «Сиань-Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кытайдын 13 шаарынан Кыргыз Республикасынын 32 жараны кайтып келди. Алардын көпчүлүгү Кытайдын ЖОЖдорунда окуган студенттер.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кытай мамлекетинде жашаган бардык кыргыз жарандарына даректүү телефон аркылуу байланышуудан кийин жана КР чет элдик мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КРнын жарандарын жөнөтүү боюнча бардык маселелерди чечүү максатында КЭРнын айрым мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен керектүү иштерди жүргүздү.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Количество просмотров: 88