«Ош» эл аралык аэропортунда Новосибирск—Ош багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алышты. Россиядан 181 жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда кайтып келүүгө муктаж болгон жарандардын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн.
Ага кош бойлуулар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирсктеги клиникаларында операция жасаткан адамдар, депортацияланган жарандар жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер киргизилген.
Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк ахалинск, Владивосток, Петропавловск-Камчат, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишкен.