• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвадан Ошко 191 кыргызстандык келди

21 Баш оона 2020 16:22 Бишкек Govori.TV

Москвадан Ошко 191 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан жарандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар кирген.

Количество просмотров: 47