• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекке Санкт-Петербургдан 162 жаран учуп келди

16 Баш оона 20209:17 Бишкек Govori.TV

 «Манас» эл аралык аэропортунда Санкт-Петербург—Бишкек багыты боюнча кезектеги чартердик каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августта аталган учак менен Кыргызстанга Россиядан 162 жараны кайтып кеген. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын алдындагы комиссия тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Количество просмотров: 129