«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Эйнар Кулбаев 2006-жылы кабыл алынган Бишкектин башкы планы 2025-жылы соңуна чыгарын ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди.
Андан соң кезектеги башкы план сунушталмакчы. Ал учурда япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы менен биргеликте иштелип жатат. Башкысы, жаңы башкы планда 2035-40-жылдары шаарда метро куруу сунушу да каралып жатат.
«Бишкек шаарынын башкы планы 2006-жылы кабыл алынган. Ал 2025-жылга чейин иштейт. Бүгүнкү күнү шаар ирилешип, аянты кеңейип, калкынын саны өсүп жатат. Бардык аспектилер эске алынып, учурда Бишкектин башкы планынын баштапкы этабын япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы менен биргеликте иштеп чыгып, концептуалдык стратегиялык өнүгүү багыттары сунушталды. Ал беш багытты камтып, ыңгайлуу шаарды курууга басым жасалды. Калктын демографиялык өсүшүн, ички миграцияны эске алып метро куруу боюнча пункт кошулду. Анткени шаар жарандарды тейлей албай калышы мүмкүн. Ошон үчүн 2035-2040-жылдары борбор калаага метро салуу сунушу берилди», — деди Кулбаев.