• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык келди

28 Кулжа 202018:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар “Аэрофлот – Россия аба каттамдары” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

«Россияда жогорку окуу жайларында окуган студенттер кайтышты. Мындан тышкары Россиянын аймагына окуу-машыгуу максатында барган пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү келишти. Ошондой эле, ооругандар, жакындары каза болгон жарандар алынып келди»,-деп айтылат маалыматта.

Мекенине кайтып келген бардык жарандар обсервацияга алынат.

Количество просмотров: 236