• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекке Москвадан 424 кыргызстандык келди. Арасында ыктыярчы медиктер бар

5 Теке 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда “Манас” эл аралык аэрпорту “Москва-Бишкек” багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул каттам менен Кыргызстанга Россиядагы мекендештерибиздин арасындагы медицина кызматкерлери жана практик дарыгерлер коронавирус инфекциясы жана стационардан тышкары пневмония менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

«Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде калып жаткан мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу иши улантылууда.

Количество просмотров: 140