Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 28-ноябрда Бишкекке Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри келет.
«Саммиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун баардык өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Сессияда ЖККУнун алкагында эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселеси боюнча пикир алмашуу болот. Күн тартибинде 21 маселе каралат», — деп кошумчалады Данияр Сыдыков.