• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекке жаңы электробустар жана чоң автобустар келет

28 Аяк оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Жакында Бишкекке жаңы электробустар жана чоң автобустар келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору максат Нусувалиев “биринчи радионун” эфиринен билдирди. Анын айтымында, Европа өнүктүрүү банкынун долбоору боюнча 250 чоң автобус сатылып алынат, анын ичинен 140ы 10,5 метрлик, 110у 12 метрлик болот.

«140 автобусту сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюлган жана 2023-жылдын башынан тартып алар борбор калаага келе баштайт. Азия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 120 автобус сатып алуу пландалууда, тердер өттү, келишимге кол коюга даярданып жатабыз», — деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен коомдук транспортту сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү, бул каражатка 130 заманбап автобустар алынат. «Биринчи партия 1-ноябрда келет», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 138