Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
Бүгүн Бишкек шаарына жылуулук берүүнү токтотуу маселеси чечилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Рысбек Сарпашев «Govori.TVга» билдирди.
Анын айтымында, бүгүн саат 11:00 Бишкек ТЭЦде чукул жыйын болот. Анда жылуулук берүү качан токтоору белгилүү болот.
Буга чейин жылуулук берүүнү өчүрүү маселеси 25-марттан кийин чечилээри айтылып келген.
Эске салсак, кабыл алынган норма боюнча, эгер беш күн бою орто эсеп менен абанын температурасы +8 болуп турса жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу буйрукка кол коюлат.