• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекке жылуулук качан берилет?

1 Тогуздун айы 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

5 сутка бою абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо шаар тургундарына жылуулук берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Азырынча буйрук чыга элек, бирок 1-ноябрдан тарта берүүнү болжолдоп жатабыз. Өзүңөр билгендей, Бишкекте 5 күн катары менен абанын табы +8 градуска кармалып турган соң жылуулук берүү башталат. Ноябрь айында аба ырайы жогору болсо, жылуулук берүү 15-ноябрдан тартып берилиши мүмкүн. Жылуулук биринчи социалдык объектилерге, андан соң шаардыктарга берилет»,-деп билдиришти мэриядан.

Мэрия көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын жылытуу сезонуна даярдануу үчүн төмөндөгү кеңештерди аткарууга чакырат:

  • Жогорку кабаттарда батареядагы абаны жөнгө салып турчу Маевский крандарын зарыл болгон учурда оңдоо же алмаштыруу;
  • Жылуулук жакшы келиши үчүн аны таратуучу каражаттарды тазалап, зарыл болгон учурда оңдоо керек;
  • Ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
  • Ысык суу агып кетпеш үчүн «Аристон» сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат;
  • Жылуулук сыртка чыгып кетпеши үчүн айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу зарыл.
Количество просмотров: 519