• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте 1,4 миң чарчы метр муниципалдык жер бошотулду

3 Баш оона 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1 миң 400 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Количество просмотров: 58