• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте 1 АКШ доллары 85 сомдон сатылууда

19 Жалган куран 202018:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1 АКШ долларынын наркы 85 сомго, 1 евро 92 сомго чейин жогорулады. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларынын көпчүлүгүндө баанын жогорулаганын байкоого болот.

Бир катар банктарда да 1 АКШ доллары 85 сомдон сатыкка коюлганы маалым болду. Ал эми Улуттук банк учурда интервенция жүрүп жатканын, тагыраагы, валюта рыногунда доллар сатылып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин 1 АКШ доллары 73 сомдон сатылып жаткан.

Количество просмотров: 222