Бишкекте 1-майда жазгы веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара борбор калаанын 148 жылдыгына арналат.
Катышууну каалагандар саат 08:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулат. Мында жаш куракка чектөө жок. Веложүрүштүн маршруту парктан башталып, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен бурулуп, финиш «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт.
Мэрия белгилегендей, веложүрүшкө байланыштуу саат 9:00дөн 9:40ка чейин жолдор жарым-жартылай жабылат.