• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте 13 жашар кызды жүргүнчү ташыган маршрутка коюп кетти

27 Бугу 201917:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

27-май күнү Бишкекте велосипедчен кызды жүргүнчү ташуучу маршрутка коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кырсык болжол менен 13:25тер чамасында Профсоюз-Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү кичиавтобусту башкарып келе жаткан 45 жаштагы айдоочу өспүрүмдү сүзүп кеткен.

Учурда жаракат алган кыз тез жардам унаасы менен ооруканага жеткиришип, маршрутка атайын токтотуучу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 17