• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте 14-кабаттан эки жашар бала кулап кеткен

24 Кулжа 202513:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен кичинекей бала кулап түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 23-июнда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Улан» кичи районундагы үйлөрдүн биринде 14-кабаттан адам кулап түшкөнү тууралуу кабар келип түшкөн.

Алдын ала текшерүү учурунда 2023-жылы туулган Д. А. 14-кабаттын терезесинен кулап түшкөнү аныкталган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок, алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 298