• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады 

19 Чын куран 202022:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы өспүрүм кыз боюн таштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 17:05те Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатынан өспүрүм кыз секиргени боюнча маалымат түшкөн.

  «7-кабаттан боюн таштаган кыз 2006-жылы туулган М.Э. аттуу окуучу болгон. Ал «Тез жардам» кызматы келгиче окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 2075