• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте 15 млн сомго бааланган 5 жер тилке мамлекетке кайтарылды

21 Бугу 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы тарабынан “Ак-Өргө” жана “Арча-Бешик” жаңы конуштарында 15 млн сомдон ашуун сумманы түзгөн 5 жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен фактылары аныкталган.

Алсак, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен баасы 11,9 млн сомду түзгөн 4 жер тилкеси, Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүгө багытталган жер тилкелеринин эсебинен “Ак-Өргө” жаңы конушунда турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен.

«Аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 754 орундуу мектептин курулушу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкенин 3 млн сомго бааланган бир бөлүгүн жеке тарапка мыйсамсыз өткөрүп беришкен. Жогорудагы жер тилкелерине мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу максатында, прокуратура тарабынан сот органдарына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, толук канааттандырылды. Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогорудагы беш жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 534