• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

УКМК: Сокулукта 20 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

17 Кулжа 202612:24 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда аянты 20 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан сотко чейинки текшерүүнүн алкагында Сокулук айыл өкмөтүндө 20 га жер белгисиз адамдардын пайдалануусунда болуп келгени аныкталган.

Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базаларында катталбаганы аныкталган. Бул жер үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектар болгон жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

Количество просмотров: 28