Бишкек шаарында 16 жаштагы Анеля Аскербекова изделип жатат. Бул тууралуу кыздын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 4-ноябрда саат 08:00 чамасында Аламүдүн-1 районундагы үйүнөн жумушуна чыгып кеткен.
Анель күмүш түстөгү кыска куртка, кара жинсы шым, боз түстөгү кышкы спорттук бут кийим кийип кеткен. Башында кара баш кийим (кепка) бар болчу. Кара спорттук асынма баштык көтөрүп жүргөн. Оң көзү тарапта анча чоң эмес так бар.
Анелдин жакындары ал тууралуу маалыматы бар жарандардан байланышка чыгууну суранат.
Байланыш номуру: 0708 44 48 84, 0999 68 88 98 (апасы Дамира).